Электрондук дарек
ananev.aiylokmotu@mail.ru
Телефон
+996 702294739,

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын калкынын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө

18.08.2025
24

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевдин кайрылуусунун  угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

         1. Калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында: 

- жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;

- көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар;

- билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;

- жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары тынчтыкты бузуудан коргоого алынсын.

 

2.Ушул токтомдо белгиленген убакыт аралыгында: 

- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдаланууга;

- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоого;

- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратууга;

- пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга;

- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүүгө;

- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттерге тыюу салынсын.

3.Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:

- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;

- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.